Индонезиядагы жер титирөөдөн көп сандаган адам жабыркады

Ломбок аралында 7 баллдык жер титирөө болгон.

1028142
Индонезиядагы жер титирөөдөн көп сандаган адам жабыркады

Индонезиянын чыгышындагы Ломбок аралында жекшемби күнү болгон 7 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 131 кишиге жетти.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин катчысы Нугрохо жер титирөөдөн 1 миң 477 адамдын жаракат алгандыгын айтып, аймактын жалпысында 156 миңден ашуун кишинин коопсуз жерлерге авакуациялангандыгын билдирди.

Ошондой эле үйлөр, мектеп жана мечит сыяктуу коомдук жайлар менен катар 43 миңге жакын имараттын жер титирөөдө зыянга учураганын белгиледи.

Аймакта издөө-куткаруу иштери уланып жатканда, жооптуу кызматкерлер жер титирөөдөн жабыр таркандарга жардам көрсөтүүгө чакырышууда.



Тектеш кабарлар