Каракаста Мадурону колдоо митинги өтүүдө

Мадуро башкарган Коммунисттик партиянын түсү болгон кызыл кийген миңдеген венесуэлалык өлкөсүнүн кол салуу аракетинен кийин биримдиктүү экенин көрсөтүү үчүн жүрүшкө чыкты.

1027555
Каракаста Мадурону колдоо митинги өтүүдө

Венесуэланын борбор шаары Каракаста миңдеген киши ишемби күнү кол салуу аракетине дуушар болгон президенти Мадурого колдоо көрсөтүү митингин өткөрдү.

Мадуро башкарган Коммунисттик партиянын түсү болгон кызыл кийген миңдеген венесуэлалык өлкөсүнүн кол салуу аракетинен кийин биримдиктүү экенин көрсөтүү үчүн жүрүшкө чыкты.

Митингчилер колдорунда желектерди жана Мадуронун фотосүрөтүн көтөрүп жүрүштү.

Тышкы иштер министри Хорхе Арреаса, иш-чарада калың топко кайрылган сөзүндөгү кол салуу киришүүсүнүн артындагы 6 кишинин кармалганын айтты.

Бул кишилердин Венесуэланын мыйзамдарына жараша жазаларын ала турганын айтакан Арреаса: «Эч кимди кечирүү болбойт»,-деди.

Хорхе Арреаса кол салуу аракетинин артында «Колумбиянын олигархы» жана «Түндүк Америка империализми» турганын айтып чыкты.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, борбор шаар Каракастагы аземде сөз сүйлөп жатканда жарылуучу зат жүктөлгөн дрондор менен кол салуу болгон.

Өздөрүн «Футболкачан аскерлер» деп атаган топ, Твиттердеги бөлүшүүсүндө кол салууну моюнга алган.



Тектеш кабарлар