Израилдин аскерлери Газа тилкесине дагы кол салды

30-марттан бери уланган «Улуу кайтыш жүрүшү» митингдериндеги шейиттердин саны 157ге жетти.

1025738
Израилдин аскерлери Газа тилкесине дагы кол салды

Газа тилкесинде «Улуу кайтыш жүрүшүнүн» алкагында уюштурулган тынчтыкчыл митингдерге Израилдин аскерлеринин кийлигишүүсүнөн 2 киши шейит болду.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра, жазуу түрүндөгү жарыясында Газанын чыгыш чек арасында болгон митингдерде Яхия Яги (25) аттуу палестиналык жигиттин Израиль аскерлери тарабынан атылып шейит болгонун белгиледи.

Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында да Израилдин аскерлери аткан ок ичине тийген Муаз эс-Суверинин (15) шейит болгону кабарланды.

Ушундайча 30-марттан бери уланган «Улуу кайтыш жүрүшү» митингдериндеги шейиттердин саны 157ге жетти.

Бир тараптан Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра, тынчтыкчыл митингдерге кийилигишкен Израиль аскерлеринин арасында газдан таасир алгандар да болгон  220 палестиналыкты жарадар кылганын билдирди.

Кудра бул кишилердин 90 пайзынын чыныгы октор менен атылганын жарыялады.

Палестиналыктар Жеринин бүтүндүгүнүн 42 жылдыгынан улам 30-марттан бери блокадада турган Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Улуу кайтыш жүрүшү» аттуу тынчтыкчыл митингдерди өткөрүүдө.

Израилдин аскерлери болсо сүргүнгө айдалган жерлерине кайра кайтууну жана 2006-жылдан бери Газага коюлган укуксуз блокаданын жоюлушун талап кылган жаран калктын үстүнө чыныгы окторду атып жатат.

Бул учурда Израилдин танкалары Газа тилкесиндеги Хамастын аскердик канаты Иззеддин аль-Кассам бригадасына таандык байкоочу пунктту атты.



Тектеш кабарлар