Трамп Рухани менен жолугушууга даяр

Трамп алдын ала шарт койбойт.

1022837
Трамп Рухани менен жолугушууга даяр

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын президенти Хасан Рухани менен алдын ала шартсыз жолугушууга даяр экенин билдирди.

Өлкөсүнө расмий сапар менен барган Италиянын премьер-министри Жузеппе Контени Ак үйдө тосуп алган Трамп андан соң коногу менен чогуу биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Бул жердеги сөз сүйлөөсүндө Иран темасына токтолгон Трамп Рухани менен жолугушуусу мүмкүн экенин айтып: «Иран кааласа сөзсүз жолугабыз»,-деди.

Трамп ар ким менен жолугуша алаарын билдирип: «Берки адамдар менен сүйлөшүүдө маселе болбойт. Түндүк Кореянын лидери менен деле жолуктум»,-деп айтты.

Дональд Трамп Ирандын президенти Хасан Рухани менен жолугушууга карата алдын ала шарт койбогонун сөз кылды.

АКШнын президенти май айында, 2015-жылдын 14-июлунда Австриянын борбор шаары Венада Р5+1 тобу (АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия) менен Ирандын ортосунда кол коюлган жана 2016-жылдын 16-январында күчүнө кирген «Кеңири орток кыймыл планы» деп аталган атомдук келишимден чыккандарын жана Иранга карай санкциялардын киргизиле турганын билдирген болчу.

Трамп башкаруучулугу шериктештерин Ирандан мунай сатып алуусун ноябрь айына чейин толук токтотууга мажбулап жатат.



Тектеш кабарлар