Фуэго жанар тоосундагы жарылууларда 147 киши каза тапты

Аймакта эң аз 276 кишинин жоголгондугу да билдирилди.

1021364
Фуэго жанар тоосундагы жарылууларда 147 киши каза тапты

Гватемаладагы Фуэго жанар тоосунда өткөн айда болгон жарылууларда 147 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Улуттук апаат агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жарылууларда 10 күн мурда 121 деп билдирилген өлүү санынын жаңы отчетко караганда 147ге жеткендиги белгиленди.

Аймакта эң аз 276 кишинин жоголгондугу да билдирилди.

Борбор шаар Гватемала ситинин 40 километр түштүк батышындагы Фуэго жанар тоосунда өткөн айда болгон жарылуулар жана атырылган лавалар Ел Родео айылын жок кылган.

Жарылууларда жараланган көп сандаган киши дарыланып, 3 миң 200дөн ашуун киши коопсуз аймактарга эвакуацияланган. Жанар тоодогу жарылуулардан жалпы 1 миллион 700 миң кишинин таасирленгендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар