Сербия Грецияга финансылык жардам берет

Сербия өкмөтү Грецияда 83 кишинин өлүмүнө себеп болгон өрттөн кийин өлкөгө 200 миң евро жардам берет.

1020843
Сербия Грецияга финансылык жардам берет

Сербия өкмөтү Грециянын борбор шаары Афина жакындарында 83 кишинин өлүмүнө жол ачкан токой өртүнөн кийин бул өлкөгө 200 миң евро финансылык жардам берүү чечимин чыгарды.

Өкмөттөн берилген маалыматта Сербиянын Грецияга 200 миң евро финансылык жардам жиберерин билдирип : «Сербия өкмөтү Грециядагы токой өртүндө чыккан жоготуулардан улам санаасын билдирет»,- деп белгиленди.

Грециянын борбор шаары Афина жакындарында чыккан токой өртү 83 кишинин каза болушуна жана 150дөн ашуун кишинин жараланышына себеп болду.

Рафина жана Мати аймактарында жаралангандардан 60 киши Аттика аймагындагы ооруканада дарыланып жатат. Аймакта изилдөө  - куткаруу иштери улантылып, 100дөн ашуун кишинин жоголгондугу болжолдолууда.



Тектеш кабарлар