БРИКС Саммитинин жыйынтык билдирүүсү жарыяланды

Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында өткөн БРИКСтин 10-Саммитинин жыйынтык билдирүүсү жарыяланды.

1020675
БРИКС Саммитинин жыйынтык билдирүүсү жарыяланды

Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында өткөн БРИКСтин (Бразилия, Орусия,Индия,Кытай жана Түштүк Африка) 10-Саммитинин жыйынтык билдирүүсү жарыяланды.

Жыйынтык билдирүүсүндө ачык жана көп тараптуу соода системасынын колдоого алынышы жана дүйнөнүн ар башка аймактарында уланган кагылышуулардын соңуна чыгарылышына чакырык ташталды.

БРИКС Саммитинин жыйынтык билдирүүсүндө; «Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) эрежелеринин алкагында ачык жана көп тараптуу соода колдоого алынат жана кайрадан тастыктайбыз»,делди.

Жарыяда айрыкча, «Көп тараптуу соода системасынын окшошу көрүнбөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгонун билебиз жана ачык дүйнөлүк экономикасынын маанисин баса белгилегибиз келет» деген баа берилди.

Энергетика тармагында чыгарылган чечим тууралуу да, «БРИКСтин Энергетика министрлери, БРИКСтин Энергетиканы изилдөө кызматташтык платформасынын түзүлүшүнө карай келишимге жетишилди»,-деп айтылды.

Саммитте энергетика тармагы менен катар суу маселеси жана айыл-чарба сыяктуу бир топ тармакта кызматтыштык кылуу боюнча кадамдар ташталды.

Бир тараптан жыйынтык билдирүүсүндө, БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан баштап дүйнөнүн ар башка аймактарында уланган кагылышуулардын соңуна чыгарылышы, Палестина-Израиль кагылышуусу, Сирия жана Йемендеги кризистин дагы көпкө созулбоосу керектиги темасында пикир алмашылды.

Билдирүүдө, «Өзгөчө Палестина-Израиль кагылышуусу сыяктуу узун мөөнөттүү кагылышууларга чечүүчү жол табылышынын кечеңдетилбеши. Кудс маселесине Израиль менен Палестинанын ортосундагы жолугушууларга байланыштуу түрдө чечим табылышы керек», деген сереп салынды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш-Палестина качкындарына жардам берүү агенттигине (UNRWA) толук колдоо көрсөтүлө турганын белгилеген БРИКСтин мүчөлөрү, орто эсеп менен 5,3 миллион палестиналык качкынга билим берүү жана саламаттык сактоодон тартып бир топ тармакагы көмөгүнөн улам UNRWAны куттуктады.

Саммит бүгүн «БРИКС Африка Outreach отуруму» жана «БРИКС+» алкагында чакырылган мамлекет башчылардын жолугушуулары менен аяктайт.



Тектеш кабарлар