Путин менен Трамп келээрки жылы жолугат

Эки лидер 2019-жылга чейин жолугушпайт.

1019659
Путин менен Трамп келээрки жылы жолугат

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин экинчи жолугушуусу келээрки жылы болот.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон президент Дональд Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2019-жылга чейин жолугушпай турганын билдирди.

Болтон буга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, эки лидердин жолугушуусунун Орусияга карай жүргүзүлгөн чалгындоодон кийин болушу керектигин белгиледи.

Билдирүүдө: «Президент Трамп Орусиянын президенти Путин менен өткөрүлө турчу жолугушуунун Орусияга карай жүргүзүлгөн чалгындоодон кийин болушу керектигин ойлоп жатат. Биз да жолугушуунун келээрки жылы өткөрүлүшү боюнча бирдей пикирге келдик»,-делди.

Дональд Трамп 16-июлда Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде Путин менен жолугушкандан кийин кеңешчиси Болтонго Путинди күзүндө АКШга чакыруусу үчүн ага тапшырма бергендигин билдирген эле.

Трамптын бул билдирүүсүнө АКШда өзгөчө Демократтар жана Конгресс тарабынан катуу каршылык көрсөтүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар