Сирияда жан кечтилик кол салуу
Жан кечтилик кол салууда 38 киши каза болду.
1019157
![Сирияда жан кечтилик кол салуу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bb48/81cd/2417/5b5820893cef8.jpg?time=1718855844)
Сириянын түштүгүндө өкмөт күчтөрүнүн текшерүүсү астындагы Сүвейде шаарында жасалган эки жан кечтилик кол салууда 38 киши каза болду. Кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.
Борбору Британия болгон Сирия адам укуктары байкоо үйү кол салууларда эң аз 30 кишинин жаралангандыгын жарыялады.
Сирия өкмөтү өткөн айларда өлкөнүн түштүгүнүн чоң бөлүгүн кайрадан колго алган.
Жан кечтилик кол салуудан кийин коопсуздук күчтөрү эки кол салуучу өзүн жардыргандан мурда аларды өлтүрдү.
Шаардын түштүк чыгышындагы үч айылга дагы кол салуу жасагандыгы белгиленип, бул жердеги каза болгондордун саны же жаралуулардын саны тууралуу билдирүү берилген жок.