Орусия НАТО менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылууда

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өзгөчө АКШнын жардамы менен Европада Финландия, Эстония, Польша, Германия жана Францияда кибердик операция борборлорунун түзүлгөндүгүн айтты.

1019138
Орусия НАТО менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылууда

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Финландияда 16 -  июлда өткөргөн саммитинин Орусиянын НАТО мүчөсү өлкөлөр менен аскердик кызматташтыгынын тереңдетилишин ылдамдатарын билдирди.

Шойгу министрликтен берилген маалыматта Путин жана Трамптын Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде өткөргөн жолугушуусунун Орусиянын НАТО мүчөсү өлкөлөр менен аскердик кызматташтыкка таасирин тийгизерин белгилеп : «Хельсинкиде болгон Орусия  - АКШ саммитинин Вашингтон жана НАТО мүчөсү өлкөлөр менен болгон аскердик кызматташтыгыбыздын тереңдетилишин ылдамдатарын ойлоп жатабыз»,- деди.

НАТО мүчөсү өлкөлөрдүн Чыгыш Европада аскердик аба машыгууларын арттыргандыгына көңүлдөрдү бурган Шойгу бул аймакта НАТО аскерлеринин санынын 2 миңден 15 миңге чыккандыгын билдирди.

Шойгу өзгөчө АКШнын жардамы менен Европада Финландия, Эстония, Польша, Германия жана Францияда кибердик операция борборлорунун түзүлгөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар