Орусиянын тышкы иштер министри Нетаньяхуга Иран тууралуу сунуш киргизди

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кудста жолугушту.

1018417
Орусиянын тышкы иштер министри Нетаньяхуга Иран тууралуу сунуш киргизди

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кудста жолугушту. Жолугушууга Нетаньяху менен Лавров жана Израиль коргоо министри Авигдор Либерман, Израиль башкы штабынын төрагасы Гади Еисенкот, Орусиянын башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов менен израилдик жана орус жетекчилер катышты.

Орусиянын президенти В. Путиндин каалоосу менен өткөн жолугушуу тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Израиль басма сөзү жолугушууда Сириянын келечеги жана Ирандын Сирияда болушу күн тартибинде орун алгандыгын жазды.

«Гаарец» гезитинин жогорку мартабалуу бир израилдик жетекчиге таянып берген кабарына караганда Лавров Нетаньяхуга Сириядагы Иран күчтөрүн, Израиль чек арасын түзгөн, басылып алынган Голан дөңсөөлөрүнөн 100 километр алыста кармоону сунуш кылды.

Аты билдирилбеген жетекчинин белгилегени боюнча берилген кабарда Нетаньяхунун Лавровдун сунушуна каршы чыгып : «Чек арадан 100 километр алыста болсо да Ирандын аймакка жайгашуусуна уруксат бербейбиз»,- деп жооп бергендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар