Греция террористти саясий качкын катары кабыл алды

Греция качкындар комиссиясы кызыл бюллетень менен изделген террордук уюм ТКП/МЛ-ТИККО мүчөсү бир террористти саясий качкын катары кабыл алды.

1016641
Греция террористти саясий качкын катары кабыл алды

Греция качкындар комиссиясы кызыл бюллетень менен изделген террордук уюм ТКП/МЛ-ТИККО мүчөсү бир террористти саясий качкын катары кабыл алды.

Грециянын жогорку соту террористтин май айында качкын талабын четке кагып, Түркияга тапшырылышына чечим чыгарган.

Грек качкындар комиссиясы болсо террористти «саясий» качкын» катары кабыл алууга чечим чыгарды.

Грециянын юстиция министри Ставрос Контонис өткөн жумада террорист тууралуу акыркы чечимин билдирүү үчүн качкындар комиссиясынын террористтин кайрылуусуна бере турган жоопту күтө тургандыгын айткан.  

Террорист кызыл бюллетен менен Интерполдун жардамы менен изделип жаткан жана февраль айында Грецияга качкын катары өтүүгө аракет кылып жатып кармалган.



Тектеш кабарлар