Франция менен Орусиядан Сирияга гуманитардык жардам берилет

Франция менен Орусия келерки күндөрдө Сирияда орток гуманитардык жардам проектисин ишке ашырат.

1016644
Франция менен Орусиядан Сирияга гуманитардык жардам берилет

Франция менен Орусия келерки күндөрдө өзгөчө Сирия арап Кызыл Ай коому тарабынан башкарылган ооруканалардагы медициналык чукул абалдарга жардам берүү үчүн Чыгыш Гутадагы жарандардын муктаждыктарын камсыз кылууга карата Сирияда орток гуманитардык жардам проектисин ишке ашырат.

Елисей сарайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен Орусиянын президенти В. Путиндин 24 -  майда Санкт Петербургда  жолугушкандыгы эске салынып : «Франция менен Орусия келерки күндөрдө өзгөчө Сирия арап Кызыл Ай коому тарабынан башкарылган ооруканалардагы медициналык чукул абалдарга жардам берүү үчүн Чыгыш Гутадагы жарандардын муктаждыктарын камсыз кылууга карата Сирияда орток гуманитардык жардам проектиси ишке ашырылат»,- деп билдирилди. Маалыматта ушунун негизинде аймактагы оорулуу жана картаң кишилерге дары  - дармек жиберилери белгиленди.

Маалыматта Орусиянын жардамдарды аба жолу менен Сирияга жеткирилишине мүмкүнчүлүктүн түзүлөрү белгиленип, конвой Сирияга жеткенде Орусиянын колдоосу менен БУУнун чечимдери жана эл аралык эрежелердин алкагында камсыз кылынары билдирилди. Маалыматта Франция менен Орусиянын Сирияда ишенимдүү жана улантууга боло турган саясий чечүүчү жолдун табылышы үчүн шарт түзүү тууралуу аракеттерин улантып жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар