Путин менен Трамп жашыруун келишим түзгөн жок

Анатолий Антонов журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1014753
Путин менен Трамп жашыруун келишим түзгөн жок

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов, дүйшөмбү күнү Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде жолугушкан Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жашыруун келишим түзбөгөнүн айтты.

Журналисттердин ушул тема тууралуу суроолоруна жооп берген Антонов: «Владимир Путин бардык нерсени түшүндүрдү. Хельсинкиде сүйлөшүүлөр тууралуу менин билишимче кандайдыр бир жашыруун келишим түзүлгөн»,-деди.

Орусиянын АКШнын ички иштерине кийлигишкендиги жөнүндөгү айтымдарды сандырактык катары сыпаттаган Антонов, бүгүндөн тарта бул темада эч бир так далилдин табылбагандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар