Мэттис орусиялык кесиптеши Шойгу менен жолугушууга ачык

Жеймс Мэттис Сергей Шойгу менен жолугушуу үчүн каалгасынын ачык экенин айтты.

1014477
Мэттис орусиялык кесиптеши Шойгу менен жолугушууга ачык

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттистин орусиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен жолугушуу ыктымалдуулугуна жылуу карагандыгы белгиленди.

Англиялык Рейтер маалымат агенттигинин дипломатиялык булактардан алып берген кабарына караганда, Маттис орусиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен жолугушуу үчүн каалгасынын ачык экенин айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде өткөрүлгөн саммиттен кийин ушундай ой жаралгандыгы белгиленди. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жооптуу кызматкерлер Маттистин жолугушуу темасында ачык экенин бирок эки тараптын ортосунда азырынча активдүү байланыш курулбагандыгын белгилешти.

Шойгу өткөн жумада итальян гезитине берген маегинде, Пентагон башкаруучулугана аймактык, дүйнөлүк кризистер жана террорго каршы күрөшүү темасында диалог чакырын салганын бирок Пентагондун азырынча буга даяр эмес экенин айткан эле.

Эки министрликтин ортосунда 2015-жылдан бери кандайдыр бир сүйлөшүү өткөрүлө элек болчу.



Тектеш кабарлар