Ирандын башкы штабынын төрагасы Мухаммед Бакыри расмий сапар менен Пакистанга барды

Бакыри Пакистан жана Ирандын ортосундагы диний жана маданий жакындык менен бирге аскердик тармакта да кызматташтыкка токтолду.

1014839
Ирандын башкы штабынын төрагасы Мухаммед Бакыри расмий сапар менен Пакистанга барды

 Ирандын башкы штабынын төрагасы Мухаммед Бакыри расмий сапар менен Пакистанга барды.

Эки өлкөнүн медиасында орун алган кабарга караганда 3 күндүк расмий сапар менен Пакистанга барган Бакыри Пакистан жана Ирандын ортосундагы диний жана маданий жакындык менен бирге аскердик тармакта да кызматташтыкка токтолду.

Президент Мемнун Хүсейни менен президенттик Сарайында жолугушкан Мухаммед Бакыри эки өлкөнүн аскердик тармагындагы кызматташтыкка коргонуу өнөр жайында ортоктошо өндүрүштүн да кошулушу керектигин айтты.

«Ортоктошо жүргүзүлгөн товарлардын мусулман депутаттардын биргелешкен ийгилиги болот»,- деген Бакыри Пакистан деңиз күчтөрүнүн командири Махмуд Аббас менен да жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн биргелеше деңиз машыгуусун өткөрүү тууралуу келишим түзүлдү.

Мухаммед Бакыри тышкы иштер министри Абдуллах Хүсейин Харун, Пакистандын башкы штабынын төрагасы Зүбеир Махмуд Хайат жана кургактык күчтөрүнүн командири Камер Жавит Бажва менен да жолугушту.

Эки өлкөнүн кызматташтыгынын күчтөнгөндүгүн айткан пакистандык министр Абдуллах Хүсейин Харун аймактагы тынчтык жана ырааттуулук үчүн биргеликте иш алы барууну улантышарын айтты. Харун Ирандын Кашмир тууралуу Пакистанга берген колдоодон улам рахмат айтты.



Тектеш кабарлар