Иракта бомбалуу кол салуу
Ирактын Керкүк шаарында коопсуздук күчтөрүн бутага алган бомбалуу кол салууда бир полктун командири да каза тапты.
![Иракта бомбалуу кол салуу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b488/5644/d4fd/59e35c5dcd5a7.jpg?time=1736949283)
Ирактын Керкүк шаарында коопсуздук күчтөрүн бутага алган бомбалуу кол салууда бир полктун командири да каза тапты.
Керкүк коопсуздук директорлугунда кызмат кылган полковник Хамид ел - Убейди шаарга 45 километр алыстыктагы Дакук районунда Иттихадийе полиция уюмуна караштуу коопсуздук күчтөрүнө карата кол салууда аты билдирилбеген 16 - бригадананын 1 - полк командиринин каза болгондугун айтты.
Убейди кол салуунун коопсуздук күчтөрүнүн аймакта изилдөө жүргүзүп жаткан учурда жасалгандыгын белгиледи.
Ирактын премьер - министри Хайдар ел - Ибади 2017 - жылы декабрь айында террордук уюм ДАИШтин өлкөдө 3 жылга созулган жашоосунун акырына чыккандыгын жарыялаган бирок уюмга караштуу уктап жаткан клеткалар кээ кээде террордук кыймылдарды улантууда.