Индияда муссон жамгырлары жүздөгөн жан алды...

Индияда үстүбүздөгү жылда акыркы 64 жылдын эң таасирдүү жамгыры жааганы белгиленди.

1014402
Индияда муссон жамгырлары жүздөгөн жан алды...

Индияда өткөн айдан бери нөшөрлөп жааган муссон жамгырларынын себебинен келип чыккан сел жана жер көчкүсүнөн 511 киши каза тапты.

Борбордук суу комиссиясы (CWC) тарабынан жарыяланган отчетто 1-июнда башталып өлкөгө жапырт таасир тийгизген муссон жамгырларынын себебинен ушул убакка дейре 511 киш каза болгону, 176 кишинин да жаракат алганы маалымдалды.

Отчетко караганда 91 облуста таасирдүү болгон сел жана жер көчкүсүндө 55 миң үй зыянга учурады, 1 миллиондон ашуун жаныбар өлдү.

Индияда үстүбүздөгү жылда акыркы 64 жылдын эң таасирдүү жамгыры жааганы белгиленди.



Тектеш кабарлар