Нигерияда сел жана катуу шамал көп сандаган адамдын өмүрүн алды

Катуу жамгыр жана шамалдын себебинен сел жүрдү.

1013792
Нигерияда сел жана катуу шамал көп сандаган адамдын өмүрүн алды

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүгүнө таасирин тийгизген катуу жамгыр жана шамалдын себебинен алгачкы белгилөөлөргө караганда 25 киши каза болуп, көп сандаган киши дайынсыз жоголду.

Нигериянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин Катсинадагы координатору Альхаджи Рабе Рабиу, Катсина аймагында кечээ түндөн бери жааган жамгыр жана шамалдын селге себепчи болгонун белгиледи.

Рабиу селден кеминде 25 кишинин каза тапканын, көп сандаган кишиден дагы деле кабар алына албай жатканын билдирди.

Катуу жамгыр жана шамалдын айынан орто эсеп менен 90 үйдүн урап калгандыгын белгилеген Рубиу, 200дөн ашуун бодо малдын да кырылып калганын айтты.

Ошондой эле аймакка куткаруучу топтун жөнөтүлгөндүгүн маалымдады.



Тектеш кабарлар