Израиль учактары Газа тилкесине кол салды
Кол салууда эки палестиналык жеңил жараланды.
1013331
![Израиль учактары Газа тилкесине кол салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2680/c6bc/810d/5b39bc3ec537d.jpg?time=1718863700)
Блокада астындагы Газа тилкесине Израиль учактары тарабынан жасалган аба операциясында 2 палестиналык жараланды.
Газадагы саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда Израиль аскердик учактары Газанын түндүгүндөгү Бейт Ханум аймагына абадан операция жүргүздү.
Израиль чек арасына жакын бир аймакка жасалган бомбалоодо 2 палестиналык жеңил жараланды.
Түзүлгөн ок ташыпоолорго карабастан Израиль армиясы акыркы 24 сааттын ичинде төртүнчү жолу Газаны атты.
Израиль армиясы Газадан чек арага жакын аймактардагы еврей отурукташуу жерлерине ракетанын атылгандыгын ортого салып кечээ Газа тилкесинде Хамастын аскердик канаты Иззеддин ел - Касам полкторуна таандык экендигин айткан 40ка жакын бутаны аткандыгын жарыялаган болчу.