Японияда күн катуу ысып жатат

Ысыктын айынан 5 киши каза болуп, 1 миң 500 киши дарыланды.

1012696
Японияда күн катуу ысып жатат

Японияда абанын жылуулугунун жогору болушунун себебинен 5 киши көз жумуп, кеминде 1 миң 500 киши ооруканага кайрылды.

Өлкөнүн көптөгөн шаарында 38 градустан ашкан ысык аба-ырайы 5 кишинин өмүрүн алды.

Ысыктын айынан кеминде 1 миң 500 кишинин орууканага кайрылгандыгы белгиленди.

Япониянын Метеорология агенттиги өлкөдө абанын жылуулугунун жогору болушунун улана турганы боюнча эскертти.

Ал эми өткөн жумалардан бери өлкөнүн батышына таасирин тийгизген сел жана жер көчкүлөрдөн 209 киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар