Ирандагы суу маселесинде бир киши каза тапты

Шапур дарыясынан көчмө насостор менен суу чыгарган айылдыктар менен полициянын ортосунда чыккан окуяларда 1 кишинин каза болгондугу билдирилди.

1011917
Ирандагы суу маселесинде бир киши каза тапты

Ирандын Фарс аймагынын Казерун шаарына караштуу айылдарда суу маселесинен улам айылдыктар менен полициянын ортосунда чыккан кагылышууда 1 айылдык каза болду.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАга маалымат берген Казерун коопсуздук директору Мухаммед Ибадинежад Казерун шаарынын элетинде Шапур дарыясынан көчмө насостор менен суу чыгарган айылдыктар менен полициянын ортосунда чыккан окуяларда 1 кишинин каза болгондугун айтты.

Мыйзамсыз түрдө дарыядан суу чыгаргандарга тоскоол болууну каалаган полицияларга айылдыктардын таштар менен каршылык көрсөткөндүгүн айткан Ибадинежад окуяда кээ бир полициялардын да жаралангандыгын белгиледи.

Иран парламентинде ишемби күнү депутаттарга кайрылган Бушехир аймагына караштуу Дештестан депутаты Мухаммед Бакыр Саадет, Шапур дарыясынын жакындарындагы көчмө насостордун Дештанга суунун жетеринче өтүшүнө тоскоол болгондугун билдирген, бул абалдан Фарс аймагынын губернатору  жооптуу деп каралууда.

Фарс аймагынын депутаттары 10 жылдан бери аймакта кургакчылык экендигин, Дештандагы суу кыйынчылыгынын да ушуга караштуу экендигин ортого салган.



Тектеш кабарлар