Трамп - Меркель жолугушуусу
Трамп : «Абдан жакшы сүйлөшүү өткөрдүк. Канцлер менен мыкты карым - катнашыбыз бар».
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО саммитинин негизинде эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Трамп сүйлөшүү тууралуу журналисттерге берген маалыматында : «Абдан жакшы сүйлөшүү өткөрдүк. Канцлер менен мыкты карым - катнашыбыз бар»,- деди.
АКШнын Германия менен карым - катнашын «мыкты» деп мүнөздөгөн Трамп Меркель менен аскердик каржылоолор жана соода темаларын карап чыгышкандарын белгиледи. Меркель болсо миграция маселесинин күн тартибинде болгондугу тууралуу маалымат берип : «АКШ Германиянын абдан жакшы өнөктөшү»,- деди.
АКШнын президенти Трамп Германияны НАТО тууралуу коргонуу каржылоолорун арттырган жок деген негиз менен сынга алган. Өзгөчө Германиянын Орусия менен нефть жана жаратылыш газ келишимдерди түзүшүнүн «ылайыксыз» экендигине баа берген Трамп : «Германия энергетика үчүн Орусияга жогорку деңгээлде төлөмдөрдү төлөп жатат. Ушул себептен Германия Орусиянын туткуну»,- деген.
Трамп твиттер эсебинен берген маалыматында да Германия тууралуу : «Эгерде Германия Орусияга газ жана энергетика үчүн миллиарддаган доллар берип жаткан болсо НАТОнун кандай жакшы тарабы боло алат»,- деген.