Трамп НАТО өлкөлөрүн опузалай баштады

Дональд Трамп социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшкөн маалыматында НАТО өлкөлөрүн бутага алган билдирүү жарыялады.

1010312
Трамп НАТО өлкөлөрүн опузалай баштады

АКШнын президенти Дональд Трамп, «айрым НАТО өлкөлөрүнүн» өздөрүнөн күтүлгөн убадаларын орундатпаганын, төлөмдөрүн көп жылдар бою төлөбөгөндөрүн айтып чыкты.

Дональд Трамп социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшкөн маалыматында НАТО өлкөлөрүн бутага алган ушундай билдирүү жарыялады.

Трамп анда: «Биздин аларды коргообуз күтүлгөн айрым НАТО өлкөлөрү бир гана 2 пайыздык убадаларын орундатпоо менен тим калбай, ошол эле учурда көп жылдар бою төлөбөй келген төлөмдөрүн дагы көз жаздымда калтырышууда. АКШга кайра төлөп беришеби?»деген суроо узатты.

Европа Биримдигинин (ЕБ), америкалык дыйкандардын жана фирмалардын Европада соода кылууларын «мүмкүн эместей» абалга келтиргенин жактаган Трамп, бөлүшүүсүндө «бирок бизди бактылуу түрдө аларды коргообузду каалашууда. Андай болбойт!»деп жазды.

Трамп, 2016-жылы кызматка келгенден кийин, коргонуу карыжлоолорун НАТОнун убадаларынын алкагында өлкө ичиндеги дүң продукциясынын 2 пайызына жеткирбеген өлкөлөргө: «Убадаларын орундатпагандар бар. Алар менен алектенебиз»,деген эскертүүсүн кылды.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинде өзгөчө Германияны бутага алган Трамп, бул өлкөнүн коргонуу салымдарындагы кемчиликтерди жоюп НАТОдогу лидерлик ролун көрсөтүшү керектигин белгилеген.

АКШнын президенти НАТОдогу ЕБнин өлкөлөрү тууралуу жарыяларына карата болсо Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Трамптын айтымдарын жумшартышы керектигин айткан.

НАТОго мүчө өлкөлөр 2018-жылы коргонууга бардыгы 1 триллион 13 миллиард 406 миллион доллар бөлүп келет.

Шериктештиктин ичинде эң көп коргонуу каржылоосун АКШ ишке ашырат. АКШ 706 миллиард 63 миллион доллар менен НАТОнун жалпы коргонуу каржылоолорунун жарымынан көбүн өзү милдеттенген.

АКШдан кийин Англия 61 миллиард 508 миллион доллар, Франция 52 миллиард 25 миллион доллар, Германия 51 миллиард 9 миллион доллар, Италия 25 миллиард 780 миллион доллар, Канада 21 миллиард 601 миллион доллар төлөйт.

Түркия 2018-жылы 15 миллиард 219 миллион доллардык коргонуу каржылоосун ишке ашырат.


Этикеткалар: #Дональд Трамп , #НАТО

Тектеш кабарлар