АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу күчөп баратат

АКШнын соода өкүлчүлүгү, кошумча бажы салыгы киргизилген Кытай товарларынын тизмесин жарыялады.

1010094
АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу күчөп баратат

АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу күчөп баратат.

АКШнын соода өкүлчүлүгү, президент Дональд Трамптын 18-июнда берген буйругунун негизинде даярдаган 10 пайыздык кошумча бажы салыгы киргизилген Кытай товарларынын тизмесин жарыялады.

Орто эсеп менен 200 миллиард доллар наркындагы 5 миң товар орун алган тизмеде деңиз азыктарынан спорттук мээлейлерге, табигый жана химиялык минералдардан жашылча-мөмөлөргө, тамеки заттарынан автоунаа дөңгөлөктөрүнө чейин көптөгөн ар түрдүү товарлар бар.

АКШнын иш дүйнөсү жана коомдук пикиринде талкууга алынган тизменин 60 күндүн ичинде такталаары белгиленүүдө.

Бул учурда Кытай башкаруучулугу, эки тараптуу түрдө бажы тартиптеринин күчөтүлүшүнүн эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкка зыян тийгизээрин билдирди.



Тектеш кабарлар