Сребреница курмандыктары Поточари мемориалдык көрүстөнүндө

35 кишинин жаназасын ташыган конвой Поточари мемориалдык көрүстөнүнө алып барды.

1009621
Сребреница курмандыктары Поточари мемориалдык көрүстөнүндө
srebrenitsa kurbanlari, potocari2.jpg
srebrenitsa kurbanlari, potocari1.jpg

Европада экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң адамзаттык трагедия деп билинген Сребреница кыргынында каза болгон 35 кишинин жаназасын ташыган конвой Поточари мемориалдык көрүстөнүнө алып барды.

Босния Герцоговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 -  жылы июль айында болгон жана эң аз 8 миң 372 бошняк жаран серб аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн кыргында каза болгон курмандыктардын жаназалары дуалар жана көз жашы менен тосулуп алынды.

Кечээ эрте мененки сааттарда Високодон чыккан жана борбор шаар Сараеводон өтүп Сребреница жакындарынагы Поточариге барган жаназалар согушта БУУнун составында кызмат кылган голландиялык аскерлер база катары колдонгон мурунку аккумлятор заводуна жайгаштырылды.

Кыргын курмандыктарынын жашыл ноотуга оролгон табыттары бүгүн Поточари мемориалдык көрүстөнгө алып барылды.

Сребреница кыргынында уулдарын, жубайларын, аталарын, бир туугандарын жоготкон курмандык жакындары табыттарды кучактап жакындары менен акыркы жолу коштошту.

Сребреницанын 1995 -  жылы 11 -  июлда  Ратко Младичтин командирлигиндеги серб бөлүктөрү тарабынан басып алынгандан кийин БУУнун составындагы голландиялык аскерлерге баш калкалаган бошняктар сербдерге тапшырылды.

Аялдар менен балдардын бошняк аскерлердин текшерүүсүндөгү аймакка барышына уруксат берген сербдер эң аз 8 миң 372 бошняктын токой аянтында, заводдордо өлтүрүштү. Кыргынга дуушар болгон бошняктар топ түрүндө көмүлдү.

Согуштан кийин жоголгондорду табуу үчүн баштатылган иштерде кишилер топ түрүндө көмүлгөн мазарларда табылган сөөктөрдүн күбөлүктөрү такталгандан кийин жыл сайын 11 -  июлда Поточри мемориалдык көрүстөндө өткөрүлгөн салтанат менен көмүлүүдө.

Бул жылы көмүлө турган 35 курмандыктардын арасында  эң жаш өлтүрүлгөн киши 16 жаштагы  Весид Ибриж, эң картаңы 71 жаштагы Сахин Халилович болгон.

11-  июлда көмүлө турган курмандыктарын арасында токой жолунда 6 айлык кош бойлуу кезинде жубайы менен өлтүрүлгөн Ремзийе Дудиж да бар.



Тектеш кабарлар