Майк Помпеонун Афганстан сапары

Майк Помпео АКШ катары Афганстандагы тынчтык процессин колдошкондорун жана үмүттүү экендерин белгиледи.

1009867
Майк Помпеонун Афганстан сапары

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео кечээ Афганстандын  борбор шаары Кабулга сапар менен барды.

Мамлекет башчысы Эшреф Гани Помпеону мамлекеттик сарайында кабыл алды. Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс - жыйында сөз сүйлөгөн Гани өлкөсүндөгү тынчтык процессин бирдикте колдошкондорун жана жыйынтыктын жакшыга карай бара жаткандыгын айтты.

Гани Афганстанга тынчтыктын келишинде ислам өлкөлөрүнүн маанилүү роль ойной тургандыгын да баса белгиледи.

Майк Помпео да АКШ катары Афганстандагы тынчтык процессин колдошкондорун жана үмүттүү экендерин белгиледи.

Талибандын согуш менен бир жерге бара албай тургандыгын түшүнгөнүн айткан Помпео : «Талибан биздин Афганстандан чыгышыбызды күтпөсүн»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар