Кытай араб өлкөлөрүнө жардам көрсөтөт
Си Цзиньпин Пекинде араб лидерлери катышкан конференцияда убада берди.
![Кытай араб өлкөлөрүнө жардам көрсөтөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ce0f/18cf/4aa2/5b445b3d4f996.jpg?time=1718878440)
Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин араб өлкөлөрүнө 23 миллиард долардан ашуун насыя жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө убада берди.
Си Цзиньпин Пекинде араб лидерлери катышкан конференциядагы сөз сүйлөөсүндө, араб өлкөлөрүнө 23 миллиард доллардан ашуун насыя жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө убада берип, мунун 91 миллион долларынын жардам катары Сирия, Йемен, Иордания жана Ливанга бериле турганын айтты.
Кытайдын мамлекет башчысы, дагы 151 миллион доллардын жардам долбоорлору үчүн бөлүнө турганын билдирип: «Кытай менен Араб өлкөлөрү, модернизациялоого карата өнүктүрүү стратегиялары темасында биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүүсү керек»,-деп айтты.
Си Цзиньпин Кытайдын, Борбордук Азияны Африканын чыгышы менен, Инд океанын Жер ортолук деңиз менен байланыштыра турган келечектеги локистикалык тармактын түзүлүүсүн колдогонун кошумчалады.