Карадеңизде Украинанын кожоюндугунда аскердик машыгуу өтөт

Деңиз күчтөрү командирлигинин интернет барагындагы жарыяга караганда «Sea Breeze-18» машыгуусу Украинанын кожоюндугунда дүйшөмбү күнү башталат.

1008722
Карадеңизде Украинанын кожоюндугунда аскердик машыгуу өтөт

Карадеңизде Украинанын кожоюндугунда боло турган «Sea Breeze-18» машыгуусу 17 өлкөнүн деңиз күчтөрүн жолугуштурат.

Деңиз күчтөрү командирлигинин интернет барагындагы жарыяга караганда «Sea Breeze-18» машыгуусу Украинанын кожоюндугунда дүйшөмбү күнү башталат.

Одесса портуна ишаарат катары Кара деңизде боло турган машыгуу  17-июлга дейре уланат. Тынчтыкты колдоо кыймылы жана деңиз коопсуздугу темаларында машыгууга катышкан өлкөлөрдүн деңиз элементтеринин арасында кызматташтыкты жана бирглеше иштей алуусун кеңейтүүнү максаттаган машыгууга Деңиз күчтөрү командирлигинен TCG «Явуз» фрегаты, TCG «Йылдырай» суу астынан сүзүүчү кемеси, көп улуттуу деңиз коопсуздугун чыңдоо борбору (MARSEC COE) жана штабдын 3 офицери катышат.

Машыгууга Түркия менен катар АКШ, Болгария, Канада, Грузия, Литва, Молдова, Норвегия, Польша, Румыния, Англия, Швеция, Италия, Дания, Эстония, Украина жана Греция катышат.

 



Тектеш кабарлар