Япониядагы сел жана жер көчкүлөрдүн кесепети
Сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 100гө жетти.
![Япониядагы сел жана жер көчкүлөрдүн кесепети](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bef2/ae8f/eb0e/5b42fc7291c25.jpg?time=1718880923)
![japonya sel1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8926/424c/5d76/5b42fc7bc1e94.jpg?time=1718880923)
Японияда нөшөрлөп жааган жамгырлар себепчи болгон сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 100гө жетти.
Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, издөө-куткаруу иштерине катышкан жарандык коргонуу, жээк коопсуздугу, полиция жана өрт өчүрүүчү кызматкерлердин санынын 73 миңге жеткирилгендигин, эвакуациялангандын саны 23 миң киши болгонун билдирди.
Жооптуу кызматкерлер, 11 аймакта 267 миң үйгө суу бериле албай жатканын, автожолдорду сел суулары каптаганын, көптөгөн жерде поезд каттамдарынын токтоп калгандыгын билдиришти.
Сел жана жер көчкүлөрдөн жабыркагандар Хиросима, Ахиме, Окаяма, Ямагучи, Киото, Гифу, Шига, Хиого, Кочи жана Фукуока аймактарында болду.
Өлкөдө жамгырлардан таасирленген 19 аймакта 5 миллион 900 миң кишинин эвакуацияланышына буйрук берилген болчу.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718880924)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.