АКШ менен Европанын ортосунда соода согушу эбак эле башталган

Франциянын каржы министри Бруно Ле Мэр президент Дональд Трампты эскертти.

1008896
АКШ менен Европанын ортосунда соода согушу эбак эле башталган

Франциянын каржы министри Бруно Ле Мэр, АКШ менен Европанын ортосундагы соода согушунун эбак эле башталганын айтты.

Экономикалык конференцияда: «Малесе соода согушу чыгып же чыкпаганы эмес, анткени согуш эбак эле башталган»,- деп сыпаттаган каржы министри, АКШнын президенти Дональд Трампты Европа Биримдигине жаңы бажы салыктарын киргизбөө боюнча эскертти.

«Бажы салыктарында жаңы өсүү болсо, мисал үчүн автомобиль өнөр жайына кошумча салыктар салынса, Европанын бирдиктүү жана эгемендүү күч экенин көрсөтүү үчүн Европа Биримдигинин ичинде күчтүү каршылык көрсөтүшүбүз керек»,-деди.

Бруно Ле: «Кол салууга дуушар болсок коллективдүү жана чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтөөрүбүздү билишсин»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар