Дональд Трамп Путин менен жолугушууга даяр

АКШнын президенти Дональд Трамп  Орусиянын президенти В. Путин менен сүйлөшүүгө өмүрү боюнча даярдангандыгын айтты.

1007294
Дональд Трамп Путин менен жолугушууга даяр

АКШнын президенти Дональд Трамп  Орусиянын президенти В. Путин менен сүйлөшүүгө өмүрү боюнча даярдангандыгын айтты.

Монтана аймагында өткөрүлгөн митингде сөз сүйлөгөн Трамп 16 -  июлда Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде Путин менен өткөрө турган жолугушуу тууралуу маалымат берди.

В. Путин менен өткөрө турган жолугушууга байланыштуу сындардын алдында Путин менен мыкты жолугушуу өткөрүүнү күткөндүгүн айткан Трамп мунун акырында жакшы карым  - катнаштын курула аларын белгиледи.

Трамп : «Орусия жана башка  бардык өлкөлөр менен жакшы карым – катнаштарга ээ болуу жакшы нерсе жана Путин жакшы киши»,- деди.

Трамп өзүнүн дипломатиялык тажрыйбасыздыгынан улам жолугушуунун улуттук кызыкчылыктарга зыянын тийгизет деген ойлорго каршылык көрсөттү.

АКШнын президенти : «Путин  мыкты даярданды. Мен даярмынбы? Толугу менен даярмын. Бул үчүн өмүрүм боюнча даярдандым. Мага ишенгиле бир гана жакшы нерселерди аткарабыз жана балким мыкты карым – катнаш курабыз»,- деди.

АКШнын Москвадагы элчиси Жон  Хантсман Трамптын Пути менен  өткөрө турган жолугушуусунун араздашууну азайтуусун жана кызматташтыктын алдын ачуусун ойлогондугун айткан.

Хантсман : «Трамп менен Путин Хельсинкиде Орусия  - АКШ карым  - катнаштарын жана бир топ улуттук коопсуздук темасын сүйлөшүү үчүн жолугушат. Трамп бул жолугушууга АКШнын улуттук коопсуздук  кызыкчылыгы жактан маани берет жана Орусиянын эки тараптуу карым  - катнаштарда алдыга жылышын каалап каалбагандыгын белгилөөнү максат кылууда»,- деген.



Тектеш кабарлар