Канададагы ысык абадан каза болгондор

Канаданын Квебек аймагында 29 -  июндан бери ысыктыктан 33 киши каза болду.

1007161
Канададагы ысык абадан каза болгондор

Канадынын Квебек аймагында 29 -  июндан бери ашыкча ысыктыктан улам каза болгондордун саны 33кө жетти. Канада метеорология кызматынан берилген маалыматта Монреал аймагында абанын ысыктыгы акыркы 1 жумадан бери 40 – 45 даражага жеткендиги белгиленди.

Маалыматта ашыкча ысыктык менен жогорулаган жогорку озон концентраттарынын начар аба сапатына себеп болгондугу, мунун да өзгөчө астым оорулуу балдарда, жүрөк оорусу болгон кишилерде таасирдүү болгондугу, катталган өлүм окуяларында бул абалдын таасирдүү болуп жаткандыгы билдирилди.

Монреал элдин саламаттыгын коргоо директорлугу болсо ашыкча ысыктыктан каза болгондордун үйлөрүндө кондиционердин болбогондугун жана ден соолугунун начар экендигин жарыялады.

Абанын ысыктыгы алдыдагы жумалардан баштап түшө баштай тургандыгы билдирилди.

Канаданын премьер  - министри Жастин Трюдо да социалдык медиада ашыкча ысыктыктан каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Трюдо маалыматында : «Дуба жана ойлорум бул ысык аба толкунунда Квебекте каза болгондордун жакындары менен. Рекорддук ысыктыктын Ортоңку жана Чыгыш Канадада улантылышы күтүлүүдө. Ошондуктан өзүбүздү жана үй  - бүлөбүздү кандай коргой турганыбызды билели»,- деди.



Тектеш кабарлар