Сирияда Орусия менен оппозициячылардын ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок

Сириянын Дераа жана Кунейтра облустарынын абалы.

1006623
Сирияда Орусия менен оппозициячылардын ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок

Сириянын түштүк-батыш жагындагы Дераа жана Кунейтра облустарында кеңири ок атышпоо камсыздалышы үчүн Орусия менен ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн аскердик оппозициячылдардын арасында келишим камсыздала алган жок.

Дераадагы аскердик оппозициянын өкүлдөрү менен орус делегациясынын Дераада жолугушуп, Дераа жана Кунейтрадагы туруктуу ок атышпоонун шарттарын сүйлөштү.

Сүйлөшүү делегациясы, Дераада Орусия менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө жыйынтык чыкпаганын жарыялады.

Делегация, Орусиянын оппозициячылдардын колундагы оор куралдардын бардыгынын дароо тапшырылышын каалабаганын, бирок жеринен ажыраган жарандардын үйлөрүнө кайтуусу жана режим менен Иран колдогон топтордун 10-июндан кийин Дераада ээ болгон жерлерден чыгып кетиши боюнча талаптарынын Орусия тарабынан кабыл алынбоосунун себебинен келише албагандарын жарыялады.

Жарандардын үйлөрүнө кайрадан кайтуусу жана камактагылардын эркин кое берилишин талап кылган оппозициячылдар, ок атпоо камсыздалган учурунда колдорундагы оор куралдарды баскычтуу түрдө тапшырууну сунуштаган.

Аскердик оппозициянын Орусия менен 30 июнда болгон жолугушууларынан да майнап чыккан эмес. Бирок сүйлөшүүлөрдүн алдыдагы күндөрдө кайрадан болушу күтүлүүдө.

Режим күчтөрү жана колдоочулары өлкөнүн түштүк-батышындагы Дераада 10-июндан тарта айрым жерлерди басып алган, 20-июнда Дераадагы аскердик оппозициянын колундагы аймактарды каратып алыш үчүн Орусиянын абадан коштоосу менен аскердик операция жүргүзгөн. Дераадан 270-330 миңдей адамдын салыштырмалуу коопсуз аймактарга көчүп кеткени билдирилүүдө.

Дераа жана Кунейтра, Астана процессинин кепилдери Түркия, Иран жана Орусиянын 2017-жылы май айында түзгөн 4 чыңалууну азайтуу аймагынын ичинде орун алган. Орусия, АКШ жана Иордания, 2 айдан кийин Дераа жана Кунейтраны атайын келишимдин алкагына киргизген. АКШ дагы аймакта колдоо көрсөткөн оппозициячылдарга жардам берүүсүн токтоткон.

БУУнун жооптуу кызматкерлери Дераада 750 миң кишинин өмүрү санааркатып жатканын билдиришкен.


Этикеткалар: #Сириянын , #Дераа , #Кунейтра

Тектеш кабарлар