Израилдин аскерлери Түркиянын желегин көтөргөн балага ок чыгарды

Израилдин аскерлери Газа тилкесинде "Чоң кайтыш жүрүшү" иш-чараларынын алкагында тынчтыкчыл митингдерди өткөргөн палестиналык аялдарга чыныгы ок чыгарды.

1005907
Израилдин аскерлери Түркиянын желегин көтөргөн балага ок чыгарды

Газанын чыгыш жагында нааразылык акциясын уюштурган палестиналыктарга ок аткан Израилдин аскерлери, Түркиянын желегин көтөргөн бир баланы бутка атып жаралады.

Израилдин аскерлери Газа тилкесинде "Чоң кайтыш жүрүшү" иш-чараларынын алкагында тынчтыкчыл митингдерди өткөргөн палестиналык аялдарга чыныгы ок чыгарды жана газ чачуусунун себебинен ондогон киши жаракат алганы маалымдалды.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра, жазуу түрүндөгү жарыясында, «Израиль аскерлеринин Газанын чыгыш жагында митинг өткөргөн палестиналык аялдарга чыныгы ок атып жана эмне экени белгисиз газ чачканда ондогон киши жаракат алды жана газдан ууланды»,-деди.

Кудра: «Израиль аскерлеринин кийлигишүүсүнүн себебинен арасында газдан таасир алгандар болгон көпчүлүгү аялдардан турган 134 палестин ар түрдүүчө жаракат алды»,-деп жазды.

Израилдин аскерлери чек ара аймагынын жакынында Түркиянын желегин көтөргөн палестиналык бир баланы бутка атты.

Жаракат алганына карабастан колунан Түркиянын желегин түшүрбөгөн палестин жигит, саламаттык сактоо кызматкерлери тарабынан тез жардам кызматы көрсөтүлүп, тез жардам унаасы менен ташылды.

Палестиналыктар Жер күнүнүн 42 жылдыгынан улам 30-марттан бери блокадада турган Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Чоң кайтыш жүрүшү» аталышы менен тынчтыкчыл акцияларды уюштуруп келет.

Израилдин аскерлери болсо «сүргүнгө айдалгандардын жерлерине кайтуусун (Жер күнү) жана 2006-жылдан бери Газада ишке ашырылган мыйзамсыз блокаданын жоюлушун» талап кылган жаран калктын үстүнө чыныгы окторду жаадырууда.

 



Тектеш кабарлар