Майк Помпео менен Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео  орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1005594
Майк Помпео менен Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео  орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки министр АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти В. Путиндин 16 -  июлда Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде өткөрө турган жолугушуу тууралуу сүйлөшүштү.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт Помпео жана Лавровдун сүйлөшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта : «Мамлекеттик катчы Майк Помпео Орусиянын тышкы иштер министри Лавров менен телефондо сүйлөштү. Эки министр президент Трамп жана Орусиянын президенти Путин келерки күндөрдө өткөрө турган жолугушууда Сирия жана Түндүк Корея темаларын карап чыгышты»,- деп билдирилди.

Бир тараптан Трамп менен Лавров өткөрө турган саммиттен мурда АКШ конгрессинин бир группа мүчөсү эки жылдык убакыттан кийин  биринчи жолу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Орусиянын борбор шаары Москвага барды.

30 -  июнда Санкт Петербургда Орусия сапарын баштаган сенаторлор кечээ Москвада тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Лавров сапардын эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы карым  - катнаштарды оңдой тургандыгын ойлошкондорун айтты.

Орусия жана АКШ парламенттеринин ортосундагы диалогдун кайрадан курулушунун атайын мааниге ээ экендигин белгилеген Лавров : «Лидерлерибиздин ортосунда 2 жумадан кийин Хельсинкиде боло турган сапардан мурда диалогду кайрадан куруу убактысын туура деп ойлойм»,- деди.

Ак үй өткөн жумада Трамп жана Путиндин 16 -  июлда Хельсинкиде жолугушарын билдирип жана лидерлердин жолугушууда АКШ менен Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштар менен бирге улуттук коопсуздук темаларын карап чыгышарын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар