БАЭ террор тизмесиндеги ирандыктардын товарларын конфискация кылууда

Бириккен Араб Эмирликтери террор тизмесиндеги ирандыктардын товарларын конфискация кыла баштады.

1005652
БАЭ террор тизмесиндеги ирандыктардын товарларын конфискация кылууда

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), террор тизмесине кошкон ирандык киши жана фирмалардын товарларын конфискация кыла баштады.

БАЭнин кыймылсыз мүлктөр жана товар мекемесинин жарыясында террорго байланышы болгону белгиленген ирандык 9 киши жана фирманын банк эсептеринин тоңдурулушу үчүн иштер башталганы маалымдалды.

Мекеменин жарыясында аты аталган киши жана мекемелер тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Айрыкча тизмеде белгиленгендерден тышкары кандайдыр бир киши же мекемелерге таандык мүлктөрдүн тоңдурулбоосу боюнча эскертилди.

Аты аталган киши жана түзүлүштөрдүн аймакта ырааттуулукту бузган иш-аракеттердин финансыланышы үчүн Ирандын төңкөрүшчүл гвардиячыларына караштуу Кудс күчүнө миллиондогон дооллар которгону белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын май айында Иран менен түзүлгөн «Атомдук тынчтык» келишиминен чыкканын жарыялоосунан кийин, АКШнын Казына департаменти, Ирандын төңкөрүшчүл сакчыларына караштуу Кудс күчү менен байланышы болгону айтымы менен 6 киши жана 3 мекеме турасында жаза чечимин чыгарган.


Этикеткалар: #БАЭнин

Тектеш кабарлар