Сирияда алты айда 4759 киши каза тапты

Каза болгондордун 1104тү бала, 798зи аялдар.

1004916
Сирияда алты айда 4759 киши каза тапты

Сирияда жылдын биринчи жарымында  4759 киши каза болду.  Алардын ичинен 1104тү бала, 798зи аялдар.

Сирия адам укуктары желеси өлкөдөгү топтордун кагылышуусу, кол салуулар жана кыйноодон каза болгондорго байланыштуу жарыялаган отчетто бул жылдын биринчи алты айында жалпы 4 миң 759 жаран каза болуп, алардын ичинен 1104тү бала жана 798зи аялдар болгон.

Отчетко караганда Асад режими алты айдын ичинде 616сы бала, 507си аялдар болгон жалпы 3 миң 56 кишини өлтүрүп, режим күчтөрүнө абадан колдоо берген орус аскердик учактарынын кол салууларында болсо 138 бала, 79зу аял болгон 398 жаран каза тапты.

Террордук уюм ДАИШтин  ошол эле убакыттын ичинде 182 киши өлтүрүп, алардын 43чү балдар, 15ши аялдар экендиги белгиленген отчетто ДАИШке каршы эл аралык коалиция күчтөрүнүн абадан кол салуусунда болсо 254 жаран каза болуп, 113чү балдар, 68зи балдар экендиги билдирилди.

Отчетко караганда аскердик оппозициячыл топтор менен режимге каршы куралдуу топ Хейет Тахрир Шамдын айынан бул жылдын биринчи алты айында 53 киши каза болуп алардын 16сы балдар, төртөөсү аялдар болгон.

ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмдун 112 жаранды өлтүргөндүгү белгиленген отчетто 167си балдар, 107си аялдар болгон жалпы 704 жарандын ким экендиги белгисиз кишилер тарабынан өлтүрүлгөндүгү белгиленди.

Отчетто айрыкча бир гана июнь айында Сирияда 593 жарандын ар башка методдор менен өлтүрүлгөндүгү билдирилди.



Тектеш кабарлар