Катарлык мусулмандардын ажылык жана умрага барышына тоскоолдуктар бар

Катар адам укуктары улуттук комитетинин төрагасы Али бин Смаих Ел  - Мерри кээ бир араб өлкөлөрүнүн блокадасынын Катар өкмөтүнө таасири болбогондугуна карабастан Катар калкынын ажылык жана умра сыяктуу негизги ыбадат укуктарына тоскоол болгондугун айтты

997986
Катарлык мусулмандардын ажылык жана умрага барышына тоскоолдуктар бар

 Катар адам укуктары улуттук комитетинин төрагасы Али бин Смаих Ел  - Мерри кээ бир араб өлкөлөрүнүн өлкөсүнө карата блокадасынын Катар өкмөтүнө таасири болбогондугуна карабастан Катар калкынын ажылык жана умра сыяктуу негизги ыбадат укуктарына тоскоол болгондугун белгиледи.

Ел  - Мерри Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет өкмөттөрүнүн 2017 -  жылдын 5 -  июнунда өлкөсү менен бардык дипломатиялык карым  - катнаштарын токтотуп, экономикалык блокаданы башташынан кийин өткөн бир жылга карата баа берди.

Бул өлкөлөрдүн эл аралык коомчулукка жаңылтуучу маалыматтарды бергендигин айткан Али бин Смаих Ел  -  Мерри буларды белгиледи : «Блокададан бир жылдан кийин өкмөтүбүзгө эч нерсе болгон жок. Блокаданын өкмөтүбүзгө экономикалык  таасиринин жок экендигин көрүп турабыз. Бирок бул блокаданын адамдарга жана адам укуктарына тийгизген таасирине карай турган болсок көптөгөн эреже бузуунун болгондугун көрөбүз. Блокада социалдык турмушка терең таасирин тийгизди».

Ел  -  Мерри катарлык мусулмандардын ажылык жана умра сыяктуу негизги диний вазыйпаларын орундатуусу үчүн БУУнун Адам укуктары атайын докладчысына кайрылышкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар