Газа принц Уильямды чакырды
Газадагы Палестина Эл аралык карым - катнаштар кеңеши принц Уильямды Израиль, Палестина жана Иорданияга жасай турган сапарында Газага да чакырды.
Газадагы Палестина Эл аралык карым - катнаштар кеңеши Кембридж герцогу принц Уильямдын 24 - июнда баштай тургандыгы жарыяланган Израиль, Палестина жана Иорданияга жасай турган сапарында Газага да чакырды.
Көз карандысыз мекеме болгон Кеңештин төрагасы Басим Наим берген маалыматында Британия королдугунун такты мураскерлеринен принц Уильямдын Израиль, Палестина жана Иордания сапарында Газага да келишин суранды. Наим принц Уильямга кайрылып : «Британиянын мурунку премьер - министри Дэвид Кемерон тарабынан дүйнөдөгү эң чоң абак деп аталган Газага эмнеге келбейсиз? Бул сапар өлкөңүз да колдогон Израиль курчоосунан чыккан адамзаттык трагедияны өзүңүз келип көрүүңүз үчүн маанилүү»,- деди.
Кембридж герцогу принц Уильямдын 24 – 28 - июнь күндөрү Иорадния, Израиль жана Палестинага сапар менен барышы пландалууда.