АКШ Түштүк Корея менен машыгууларды жойду

АКШнын коргоо министрлиги Пентагон «Эркиндик гвардиясы» аттуу деңиз машыгуусу да болгон Түштүк Корея менен өткөрүлүшү пландалган үч аскердик машыгууну мөөнөтсүз токтотту.

997983
АКШ Түштүк Корея менен машыгууларды жойду

АКШнын коргоо министрлиги Пентагон «Эркиндик гвардиясы» аттуу деңиз машыгуусу да болгон Түштүк Корея менен өткөрүлүшү пландалган үч аскердик машыгууну мөөнөтсүз токтотту.

Пентагондун катчысы Дана Уайт жазуу түрүндөгү маалыматында АКШнын корго министри Жим Маттистин АКШнын президенти Дональд Трамптын 12 -июнда Түндүк Кореянын лиери Ким Чен Ын менен Сингапурда өткөргөн жолугушуунун жыйынтыктарын сүйлөшүү үчүн башкы штабдын төрагасы Жосеф Данфорд, мамлекеттик катчы Майк Помпео жана Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен жолугушкандыгын билдирди.

Уайт : «Министр Маттис Сингапур саммитинин жыйынтыктарынын ишке ашырылышын колдоо үчүн союздашыбыз Түштүк Корея менен координациялуу түрдө аскердик машыгууларды мөөнөтсүз токтотту»,- деди.

Катчы бул аскердик машыгууларга «Эркиндик гвардиясы» деп билинген жана Түндүк Корея тарабынан бат - бат сынга алынган деңиз машыгуусунун да кошулгандыгын белгиледи.

Пхеньян өкмөтүнүн «Түндүк Кореяны басып алуу машыгуусу» деп мүнөздөгөн«Эркиндик гвардиясы» машыгуусу, АКШ жана Түштүк Корея деңиз күчтөрү тарабынан жыл сайын жай мезгилинде өткөрүлүп келген.

Уайт өзгөчө үч айдын ичинде өткөрүлүшү пландалган жана «Корея деңиз алмашуу программасы» катары билинген эки башка машыгуунун да мөөнөтсөз кечеңдетилген машыгуулардын арасында экендигин белгиледи.

Катчы Уайт : «Министр Помпео жол башчылык кылган дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү колдоо үчүн бериле турган кошумча чечимдер Түндүк Кореянын жакшы ниет менен түшүмдүү сүйлөшүүлөрдү улантуусуна караштуу болот»,- деген билдирүүсүнө да орун берди.



Тектеш кабарлар