Путин менен Трамп жолугушабы?

АКШ басма сөзүндө орун алган жаңылыктарга караганда Трамп жана Путин, НАТОнун жыйналышында жолугушуу чечимин чыгарды.

997309
Путин менен Трамп жолугушабы?

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин 11-12-июль күндөрүндө Бельгиянын борбор шаары Брюсселде боло турган НАТОнун жыйналыштары убагында жолугуша турганы айтылууда.

АКШ басма сөзүндө орун алган жаңылыктарга караганда Трамп жана Путин, НАТОнун жыйналышында жолугушуу чечимин чыгарды.

Трамп башкаруучулугу жолугушууну АКШнын борбор шаары Вашингтондо өткөрүү үчүн аракет кылганы, бирок орус тарабынын жолугушуунун тарапсыз аймакта ишке ашышын каалаганы белгиленди.

Жолугушуу тууралуу азырынча расмий билдирүү жасала элек.

Бир тараптан Орусиянын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Трамптын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтондун ушул айдын акырында борбор шаар Москвага сапар жасай турганын жарыялады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг болсо Англиянын борбор шаары Лондондогу билдирүүсүндө, Трамп жана Путиндин өткөрүүнү пландап жаткан жолугушуусунун маанисине токтолду.

Столтенберг Трамп менен Путиндин жолугушуусу НАТОнун кызыкчылыктарына терс түшпөгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар