Трамп качкын үй - бүлөлөрүнүн бирдикте болушуна кол койду

Ак үйдө өткөрүлгөн азем менен бул жарлыкка кол койгон Трамп мыйзам тышы качкындар маселесин эртерээк чечүү тууралуу да конгресске чакыруу салды.

996601
Трамп качкын үй  - бүлөлөрүнүн бирдикте болушуна кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген качкындардын балдарынын ата  - энесинен бөлүнүшүнө тоскоол  боло турган президенттик жарлыкка кол койду.

Ак үйдө өткөрүлгөн азем менен бул жарлыкка кол койгон Трамп мыйзам тышы качкындар маселесин эртерээк чечүү тууралуу да конгресске чакыруу салды.

Дональд Трамп кол коюу аземинде берген кыскача маалыматында : «Мунун абдан маанилүү жарлык экендигин ойлоп жатам. Бул жарлык бир тараптан чектерибизди күчтөндүрүп жана коопсуз кылган болсо ошол эле учурда үй  - бүлөлөрдүн бирдикте болушу менен байланыштуу. Үй  - бүлөлөрдүн бөлүнүшүнө ыраазы болбодум»,- деди.

Трамптын качкын үй  - бүлөлөрдүн бирдикте болушу тууралуу кол койгон күнү да, буга  карата сындар да жалпы өлкөдө улантылды.

Демократтардын президенттик талапкери Вермонт сенатору Берни Сандерс твиттерден : «Дүйнөдөгү эң күчтүү улут, балдардын үй  - бүлөлөрүнөн бөлүнүшүн  кабыл алганда бир топ өлкөгө, качкындарга жана азчылыктарга кандай  мамиле кыла аларына байланыштуу бир кабар жиберген болуп жатасыңар. Бул абдан коркунучтуу кабар»,- деген сөздөрү менен Трамп башкаруусуна каршылык көрсөттү.

Бир тараптан АКШдагы маанилүү адам укуктарын коргоочуларынан Жоржиа депутаты демократ Жон Левис да катуу сөздөр менен сынга алды. Левис : «Менин эмне жасашым керектигин айтыңыздар. Чек арага барамын. Кайрадан камоого алынамын. Керек болсо абакка кирүүгө даярданам»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар