Путин Ягланд менен Москвада жолукту

Жолугушууда эмнелер сүйлөшүлдү ?

996667
Путин Ягланд менен Москвада жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин Европа Кеңешинин баш катчысы Турбьёрн Ягланд менен Москвада жолукту.

Кремлдеги жолугушууда Путин Ягланддын Орусиянын Европа Кеңеши менен толук кызматташуу темасындагы позициясы мактоого арзырлык экенин белгиледи.

Ягланд болсо Орусия Европанын Адам укуктары келишимине 20 жыл мурда кошулганын эске салып, бул процесстин ичинде Орусия, орус эли жана Европа үчүн жакшы иштердин аткарылгандыгын баса белгиледи.

Европанын Адам укуктары сотунун кээ бир өкүмдөрүнө келишимге мүчө айрым өлкөлөрдүн нааразы болгонун айткан Ягланд: «Бирок Европанын Адам укуктары соту менен Европанын Адам укуктары келишимине мүчө өлкөлөр үчүн маанилүү болуп саналат жана алардын кызыкчылыктарына туура келет. Мунун Орусия менен орус эли үчүн да маанилүү экенине ишенебиз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар