Израиль Мароккого психологиялык согуш кылып жатат

Марокко калыбына келтирүүгө каршы байкоо үйүнүн башкы секретары Азиз Хенави Израилге жасалган сапарлардын Израиль тышкы иштер министрлиги тарабынан камсыздалгандыгын баса белгиледи.

995207
Израиль Мароккого психологиялык согуш кылып жатат

Марокко калыбына келтирүүгө каршы байкоо үйүнүн башкы секретары Азиз Хенави Израилдин өлкөсүнө психологиялык согуш жасагандыгын айтты. Хенави : «Акыркы учурларда Мароккодон бир топ делегациянын Израилге  сапар менен келиши эки өлкөнүн ортосунда калыбына келүүгө мүмкүнчүлүк төзүүгө аракет кылган тараптардын аракети болуп, Израилдин Мароккого каршы жүргүзгөн психологиялык согуш тактикасы»,- деди.

Израилге жасалган сапарлардын Израиль тышкы иштер министрлиги тарабынан камсыздалгандыгын баса белгилеген Хенави : «Мароккодон барган расмий болбогон делегациянын сапары Израилдин пропагандасына кызмат кылууда. Израиль менен карым  - катнаштарда калыбына келүүнү максат кылган бул сапарлар  эмне үчүн жасалып жатат»,- деди.

Израилге барган делегациядагы марокколуктарды «Изриалдин кызматкерлери» катары мүнөздөгөн Хенави сапарлардын Израиль менен карым  - катнаштарда калыбына келтирүүнүн алдына өтүп Израилге кызмат кылган аракеттер экендигин айтты.



Тектеш кабарлар