Гавайиде кайталанган жер титирөөлөр болуп жатат
Жер титирөөлөрдүн себебинен Килауэа жанар тоосундагы жарылуулардын дагы деле уланганы билдирилди.
995388
![Гавайиде кайталанган жер титирөөлөр болуп жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3ce4/16a3/9bd0/5b28eb9e9f157.jpg?time=1718856394)
АКШнын Гавайи штатындагы Килауэа вулканы жайгашкан аймакта 24 саттын ичинде 453 кайталанган термелүү болду.
АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору, Килауэа вулканынын айланасында акыркы бир айдын ичинде орто эсеп менен 10 миң 500 жер титирөө катталгандыгын билдирди.
Жер титирөөлөрдүн себебинен Килауэа жанар тоосундагы жарылуулардын дагы деле уланганы да белгиленди.
Гавайиде өткөн айда болгон 6,9 баллдык жер титирөө Килауэа вулканынын жанданышына алып келген. Килауэа вулканынан бүркүлгөн лавалар ушул учурга чейин 600дөн ашуун үйдү басып калды.
Жанар тоо атылгандан кийин 2 миңден ашуун киши коопсуз аймактарга эвакуацияланган болчу.
Дүйнөнүн эң активдүү вулкандарынан Килауэада 1983-жылдан бери жарылуулар болуп келе жатат.