Француз аскери Сирияда террор уюму ПКК/ЙПГ менен кызматташууда

ДЕАШка каршы коалициянын расмий Твиттер барагы, француз аскерлеринин Сирияда ДЕАШка каршы пушканын огун аткан учурунун сүрөтүн бөлүштү.

994159
Француз аскери Сирияда террор уюму ПКК/ЙПГ менен кызматташууда

АКШ баштаган ДЕАШка каршы коалиция, Сириянын Дашиша районунда жикчил террор уюму ПКК/ЙПГнын негизги омурткасын түзгөн Сирия демократиялык күчтөрү (СДК) менен француз аскерлеринин кызматташтык кылганын моюнга алды.

ДЕАШка каршы коалициянын расмий Твиттер барагы, француз аскерлеринин Сирияда ДЕАШка каршы пушканын огун аткан учурунун сүрөтүн бөлүштү.

Фотосүрөттүн астында 3-июнда Сирия-Ирак чек арасындагы айрым аймактарда ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн «Калыбына келтирүү операциясынын» экинчи баскычы ишке ашылырып жатканы жана француз аскерлери да колдоо көрсөткөн операцияда, Дашиша аймагынын ичиндеги жана айланасындагы ДЕАШка таандык буталардын атылганы белгиленди.

Ушундайча коалиция, Сирияда жикчил террор уюму ПКК/ЙПГнын негизги омурткасын түзгөн Сирия демократиялык күчтөрү (СДК) менен француз аскерлеринин биргелешип согушканын моюнга алган болду.

Анадолу агенттиги 30-мартта Франциянын атайын күчтөрүнө таандык 70тен ашуун аскердин Сирияда ДЕАШка каршы коалициянын курамында жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ элементтери менен жанаша иш-алып барганын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар