Орусиянын президенти В. Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин телефондо сүйлөшүштү

Си Цзиньпин да Орусияда кечээ башталган 2018  ФИФА дүйнөлүк кубогунан улам Путинди куттуктады.

993083
Орусиянын президенти В. Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин телефондо сүйлөшүштү

Орусиянын президенти В. Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин телефондо сүйлөшүштү.

Кремлдин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Путин Кытайга жасаган сапарында  көрсөткөн  меймандостугунан улам Си Цзиньпинге рахмат айтып, Си Цзиньпин да Орусияда кечээ башталган 2018  ФИФА дүйнөлүк кубогунан улам Путинди куттуктады.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчылары саммитинде алынган жыйынтыктарга байланыштуу ыраазычылыктарын билдирген эки лидер эки тараптуу карым  - катнаштар жана Корея Жарым аралындагы акыркы абалдарды карап чыгышты.

В. Путиндин өткөн жумада Кытайга жасаган сапарында эң жогорку медаль «Достук медалы» тапшырылган. Сапарда тараптардын ортосунда көп сандаган эки тараптуу келишимге да кол коюлган болчу.

 



Тектеш кабарлар