Дүйнөдө Рамазан майрамы майрамдалууда

Майрам намазында мечиттер толуп ташты.

993085
Дүйнөдө Рамазан майрамы майрамдалууда

 

Германиянын борбор шаары Берлинде миңдеген түрк майрам намазы үчүн Шехитлик мечитинде жолугушту. Намаздан кийин Түркиянын Берлиндеги элчиси Али Кемал Айдын жарандарды майрамы менен куттуктады.

Босния Герцеговинада да майрам кубанычы жашалды.

Борбор шаар Сараевонун Гази Хүсейин мечитинде майрам намазы окулду.

Македониянын Скопия шаарында оболу тарыхый  Муратпаша мечитинде майрам намазы окулуп, андан кийин мусулмандар майрамдашты.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда болсо Гейдер Алиев мечитинде майрам намазы окулду.

Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта  Эртугрул Гази мечити көп кызыгууларды тартты.

Дүйнөнүн эң көп мусулман коомуна ээ 260 миллион калкы болгон Индонезияда мусулмандар майрам намазын окуу үчүн мечиттерди толтурушту.

Мамлекет башчысы Жоко Видодо да Богор шаарындагы Богор Ботаника бакчасында курулган аянтта майрам намазын окуп, намаздан кийин эл менен майрамдашты.

Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте он миңдеген мусулман майрам намазын премьер  - министрлик имаратынын алдындагы аянтта окушту. Майрам намазына катышкан парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков Орусияда жолугушууларды өткөргөн Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан майрамдык куттуктоону окуду.

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде жашаган же бул жерге турист болуп барган мусулмандар майрам намазын Тбилиси Жума мечитинде окушту.

Ирактын Керкүк шаарында майрам намазы үчүн мечиттерге баргандар өлкөнүн тынчтыкка жана бейкуттука жетиши үчүн дуа кылышты.

Керкүктүн Мусалла районундагы Авжы мечитинин имамы Адил Махмуд дүйнөдөгү бир топ мусулман өлкөсүнн согуш, кагылышуу ичинде жашап жаткандыгына көңүлдөрдү буруп : «Абдан оор мезгилден өткөн мусулман өлкөлөр менен коомдордун жанында бир гана өлкө Түркия болду. Палестина, Газа, Аракан жана Чыгыш Түркистан мусулмандарына Түркия жардам берип жатат»,- деди.
 

 



Тектеш кабарлар