Катар Иорданияга финансылык жардам берет

10 миң жашты Катарда жумуш менен камсыз кылынат.

992582
Катар Иорданияга финансылык жардам берет

Катар акыркы күндөрдө киреше салык долбоору жана баалардын жогорулоосу менен митингдер болуп жаткан Иорданияга 500 миллион долларлык инвестиция жана базис жардамын сунуш кылды. Айрыкча Катардын 10 миң иорданиялык жашка Дохада иш мүмүкнчүлүгүн бере тургандыгы да белгиленди.

Катардын тышкы иштер министрлигинин расмий интернет сайтынан берилген маалыматта Иорданиянын корлу 2 -  Абдуллахтын кечээ Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани менен Катар финансы министри Али Шериф ел  - Имадини Амманда кабыл алгандыгы билдирилди.

Ал Санинин Король Абдуллахка Катар эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Санинин атайын билдирүүсүн билдиргендиги белгиленди.

Жолугушууда Иорданияга ичинен өткөн кыйын күндөрдө 500 миллион долларлык инвестиция жана базис жардам берилери, өзгөчө иорданиялык 10 миң жашты Катарда жумуш менен камсыз кылары билдирилди.

Сауд Аравиянын үй ээлигинде Иорданиянын экономикалык кризистен чыгуу жолдорун издөө үчүн 11 -  июнда Кувейт, Бириккен Арап Эмирликтеринен жогорку мартабалуу башкаруучулардын катышуусу менен Меккеде өткөрүлгөн саммитте Иорданияга 2, 5 миллиард долларлык экономикалык жардамдын берилишине чечим чыгарылган.



Тектеш кабарлар